Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда эки айылдын балдары сөз талашып урушуп кеткен окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБи түшүндүрмө берди.
Маалыматка караганда, 13-14-майда Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн Кош-Алмурут айылында көзү өтүп кеткен жарандардын элесине арналып, райондун 8 айыл өкмөтүнүн арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулган. 14-майда саат 15:30 чамасында Сары-Талаа айылынын балдары менен Кош-Алмурут айылынын балдары сөз талашып урушуп кетишкен.
"Бул окуя Ала-Бука РИИБинин маалыматтардын электрондук каттоо журналына "бейбаштык" болуп катталып, окуя болгон жерге Ала-Бука РИИБинин тергөө ыкчам тобу, Ала-Бука районунун акими Кайырбек Чаргынбаев, Ала-Бука РИИБинин башчысы Эрнис Сатаров барып эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Учурда Жеңишбек Абитов жеринде иш алып барууда. Ала-Бука районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.