Бүгүн, 15-майга караган түнү Бишкектин чок ортосунда массалык мушташ болду. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Анда Бишкектеги Абдрахманов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде топ адамдар массалык түрдө мушташкан. Видеодо көрүнгөндөй массалык мушташын катышуучуларын күзөт кызматкерлери дагы ажыраткан.
Өз кезегинде Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү бул факт каттоого алынып, мушташтын катышуучуларын издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.