Бишкекте 19 жаштагы кыз 6-кабаттан секирүүгө аракет кылды (видео)

Бишкек шаарында 19 жаштагы кыз 6-кабаттан секирип, аны укук коргоо органдары куткарып калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-май күнү милицияга көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 2004-жылы туулган кызы өз жанын кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факты электрондук журналга катталып тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Милиция кызматкерлери видеону көргөндөн кийин дароо ал жакка барышкан. Алар келгенден кийин жаран 6-кабаттан асылып турган кызды көрүп, аны куткарып калышкан.

Учурда бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө жана керектүү экспертизалар дайындалды.

Бишкекте 19 жаштагы кыз 6-кабаттан секирүүгө аракет кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан