Биз социалдык тармакта

Эми каржы пирамидаларын жарнамалагандар айып пул төлөй баштайт. Мыйзам кабыл алынды

Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мыйзам 2023-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин жоболорун актуалдаштыруу жана ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен финансы пирамидасын ачык айкын, массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалоо үчүн жоопкерчиликти белгилөө, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо каралган.

Ошондо кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинде финансылык пирамиданы уюштуруу маселелери каралган.

Ошол эле учурда, кылмыш-жаза кодексинин жогоруда белгиленген ченеминде финансылык пирамиданы жарнамалоо маселелери регламенттелбегендигине байланыштуу, кабыл алынган мыйзам менен кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинде финансы пирамидасын ачык айкын, массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалоо, ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен коштолсо, 1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (150000 ‒ 200000 сомго чейин) айып салуу жоопкерчиликтери белгиленген өзүнчө норма менен толукталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ozgocho111
2023-05-15 17:17:00
ырас болуптур, антпесе элдин канын соруп бутмой болушту, жада калса майда чуйдо пирамидаларга чейин баары жабылсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан