
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери тууралуу эскертет. Ага ылайык:
Сууга түшүүгө ылайыкташтырылбаган жана массалык эс алууга арналбаган жайлардагы суу обьектилеринде сууга түшүүгө болбойт. Алар: көлмөлөр, жасалма көлмөлөр, каналдар, дарыялар;
Спирт ичимдиктерин ичүүгө жана сууга мас абалында түшүүгө болбойт;
Сууга чумкуганга, секиргенге тыюу салынат деген жазуулары бар суу обьектилеринде сууга түшүүгө тыюу салынат;
Бассейин, дарыя, канал, көлмөлөрдүн жанында балдардын кароосуз калтырбоо зарыл;
Саздак, баткак жана балырлуу жерлерде сууга түшүүгө болбойт;
Скутерлерге, парустуу, моторлуу кайыктарга жана башка ушул сыяктуу сүзүүчү каражаттарга сүзүп барганга тыюу салынат.