Биз социалдык тармакта

16-майга карата аба ырайы 

16-майда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Ага ылайык, күндүз Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;

Ысык-Көлдө 5…10, күндүз 20…25;

Нарын дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Бишкекте түнкүсүн 13…15, күндүз 29…31 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан