Жарым жылаңач кыздар менен отурган милиция: Чүй ОИИББи билдирүү жасады

Саунада жарым жылаңач кыздар менен отурганы видеого түшүп калган аймактык тескөөчүгө карата милиция текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, текшерүүдө жогорудагы милиция кызматкери Ысык-Ата РИИБдин участкалык кызматкери болуп чыккан.

Жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамынын, тартиптик уставдын, ички кызматтын уставынын талаптарын бузгандыгы үчүн милициянын участкалык кызматкери А.Д. жумушунан бошотулду.

"Ысык-Ата РИИБнин жооптуу кызматкерлерине (бардыгы 8 кызматкер) ишине тиешелүү көзөмөл болбогондуктары үчүн "катуу сөгүш" жана "сөгүш" тартиптик жазалары берилди", - деп билдиришти облустук милициядан.

Буга чейин социалдык тармактарда жарым жылаңач кыздар менен милициянын формасын кийген адам бир бөлмөдө отургандагы видео тарап, коомчулуктун сынына кабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан