
Баткен облусундагы Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен эки баланын бирөөсүн издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 14-майда кечки саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн (болжол менен 15-20 жашта) 2 бала сууга чөккөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.
Издөө иштерине саат 20:50дө ӨКМдан үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу тартылып, 15-майда саат 08:35те 2009-жылы туулган Д.М. аттуу өспүрүмдүн сөөгү табылган.
Ал эми бүгүн, 16-майда 2006-жылы туулган М.А. аттуу экинчи баланы издөө иштери таңкы саат 06:10до башталып, 16 куткаруучу тартылды.