Ошто мыйзамсыз курал сактаган кылмыштуу топ кармалды (фото)

Ош шаарында мыйзамсыз курал сактаганга шектелип кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 15-майдан 16-майга караган түнү мыйзамсыз курал алып жүргөнгө шектүү кылмыштуу топ Ош шаарына батыш тараптан кире берүүчү жол айлампасынан кармалды. Алардын Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасынан АКСУ-74У үлгүсүндөгү автомат (магазининде 4 огу бар болгон), 1 даана тапанча (магазинде 3 огу бар) алынган. Кармоо учурунда кылмыштуу топ милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүп, качууга аракет жасашкан.

"Кылмыштуу топтун мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну 1996-жылы туулган Ө. уулу Т., Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну 1993-жылы туулган А. уулу Э. жана Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1994-жылы туулган Ш.Т. кармалып, Ош ШИИБине алып келинди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда алгачкы тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалгандардын баары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган жарандар экени маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан