Кыргыз Эл артисти Жолболду Алыбаевдин 75 жылдыгына карата ага аргымак тартуу кылынды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
"Маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиевдин катышуусунда Кыргыз эл артисти, дастанчы Жолболду Алыбаевди 75 жаш кутман курагы менен куттуктап, залкар обончуга аргымак тартуу кылышты", - деп жазылат маалыматта.