Бишкекте дайынсыз жоголгон өспүрүм жандандыруу бөлүмүндө табылган. Ал каза болду

Үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Талгат Турсумбаев жандандыруу бөлүмүндө эс-учун жоготкон абалда табылып, кийинчерээк каза болду. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, ал 12-май күнү Бишкектеги 7-апрель жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

"15 жаштагы Талгат кечинде сейилдегени чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ага ДЦП диагнозу коюлган. Аны бир күн бою издешти. Кийинчерээк аны комада жаткан абалда жандандыруу бөлүмүнөн табышкан. Талгатты унаа сүзүп кеткен. Ал кечээ кечинде каза болду. Жаткан жериң жайлуу болсун, Талгат. Бардык туугандарына жана жакындарына көңүл айтабыз”, - деп жазды Ассоль Молдокматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан