Чүйдө Hyundai Porter унаасы бакты сүзүп, кыпчылып калган айдоочусу куткарылды (видео)

Аламүдүн районунда унаасы менен бакты сүзүп, унаасына кыпчылып калган айдоочу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кечээ, 15-май күнү кечки саат 21:00 чамасында Чүйдүн Аламүдүн районунун Алма-Ата көчөсүндө жолдун боюнда Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын ээси рулга ээ боло албай бакты сүзгөн. Натыйжада унаанын айдоочусунун буту кыпчылып чыга албай калган.
Чалуу болгон жерге ыкчам түрдө Бишкек шаарынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу барып, 1982-жылы туулган Н.К. аттуу жаранды гидравликалык шаймандар менен унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына тапшырып беришкен.
Аталган жарандын абалы канааттандырарлык.
Чүйдө Hyundai Porter унаасы бакты сүзүп, кыпчылып калган айдоочусу куткарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан