Актёр Бектур Усенов кыздуу болду. Бул кабарды актёр мырза Instagram баракчасына жазып чыкты.
"Айзат, сен абдан күчтүү, тырышчааксың, сени дагы бир ирет сүйүп калдым. Куттуктоо үчүн баарыңарга рахмат", - дейт ал.
Маалым болгондой, наристе 3 килограмм 400 грамм салмакта төрөлгөн.
Белгилей кетсек, актёр Бектур Усенов менен бийчи Айзат Аскарбекова 2022-жылы 8-майда баш кошушкан.