
Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын 14 жаштагы
М.Ф. аттуу өспүрүмдү издөө иштери бүгүн, 16-май күнү кайрадан башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, дайынсыз болгон мектеп окуучунун жакындары кайрадан издөө иштерин жандантып, Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин карап берүүсүн суранып райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылышкан.
Жерине Базар-Коргон райдук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, издөө жумуштарын алып барышууда.
Белгилей кетсек, аталган мектеп окуучусу 31-мартта дайынсыз болуп, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн куткаруучулары 14-апрелге чейин издешкен.
Натыйжа болбогондуктан, туугандарынын өтүнүчү менен издөө убактылуу токтотулган.