18-майда Бишкектин айрым райондорунда таза суу болбойт

18-майда борбор калаанын айрым райондорунда таза суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

"18-майда саат 9:00дөн 19:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.

Достоевский, Анкара, Ауэзов - темир жол линиясы чектешкен аймакта, ошондой эле Кара-Жыгач конушунда суу өчүрүлөт", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ичүүчү суу Анкара көчөсүндөгү суу өткөргүчтү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан