Бүгүн, 16-майда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен анын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек штамптоочу заводуна (БШЗ), ошондой эле “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун объектилерине барышты.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, анда Акылбек Жапаров энергетика министрине БШЗ объектилерин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоону тапшырды.
Ошондой эле ал заводдо чыгарыла турган продукция биринчи кезекте “өлкөнүн муктаждыктарын жабууга, андан кийин гана башка мамлекеттерге экспорттолууга тийиш” экендигин белгиледи.
"Министрлер кабинетинин токтому менен “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасынын пайдаланылбай жаткан кыймылсыз мүлк объекттери “Кыргызиндустрия” ААКга акысыз убактылуу пайдаланууга берилип, учурда “калыбына келтирүү” иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.