Ысык-Көлгө күн электр станциясын куруу маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “China Power International Development Limited (CPID)” жана “China Railway 20 Bureau Group Corporation (CR20G)” компанияларынын өкүлдөрү менен видеоконференция режиминде кубаттуулугу 1 ГВт болгон күн электр станциясын куруу долбоорун талкуулоо үчүн жолугушуу өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө күн электр станциясынын курулушунун презентациясы тартууланды.

Анда Акылбек Жапаров өлкөдө энергетика системасын реструктуризациялоо жана туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана күн энергиясын өнүктүрүү алкагында бир катар реформалар жүрүп жатканын белгиледи.

"Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 1000 МВт (1 ГВт) болгон күн электр станциясы пайда болот. Анын курулушуна кызыгуусун “China Power International Development Limited” жана “China Railway 20 Bureau Group Corporation” курамындагы кытайлык энергетикалык консорциуму билдирген.

Тиешелүү макулдашууга май айында президенттин Кытай Эл Республикасына боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюулары пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан