Садыр Жапаров боксчу Мунарбек Сейитбек уулун куттуктады

Өлкө башчы Садыр Жапаров Ташкентте өткөн бокс боюнча дүйнө чемпиондугунда коло байге багындырган Мунарбек Сейитбек уулун куттуктады.

"Бул жолу Мунарбек Сейитбек уулун кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан коло медаль жеңип алышы менен куттуктайм!

Бул Кыргызстандын жаңы тарыхында бокс боюнча дүйнө чемпионатындагы биринчи байгелүү орун. Мушкерибиз көпчүлүккө Союз маалында атагы алыска кеткен кыргыз бокс мектебинин кайра жандануусунан кабар бергендей таасир калтырды десем жаңылышпайм.

Спортто өйдө-ылдый болуп турат. Коло болсо да бул кыргыз спорту, айрыкча жаш спортчулар үчүн чоң дем шыкак болуп берсе, жалпы спорт ышкыбоздору үчүн чоң сыймык. Мушкерибизге чың ден соолук жана алдыдагы мелдештерине спорттук ийгилик каалайм!" - деп жазды мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу дүйнө чемпиондугунда коло медаль утту.

Мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында 1-14-май күндөрү өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан