Чүйдө айылдашын сабап салган тургун кармалды 

Москва районунда айылдашынын ден соолугуна оор залал келтирген шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-майда Москва райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө оор абалда Мураке айылынын тургуну 1997-жылы туулган А.К. жеткирилип, окуя милицияга кабарланган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектелип Мураке айылынын тургуну 1990-жылы туулган Р.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө учурунда айылдаштардын 14-майда айыл четинде ичимдик ичип, мас абалында урушуп шектүү Р.Т. жабырлануучуну бир нече жолу башка чаап, катуу сабап салган.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан