Дмитриевкадагы атышуу: Террорчу жок кылынды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралдуу террорчуну кармоо операциясын өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аны кармоо учурунда террорчуга шектүү катуу куралдуу каршылык көрсөткөн. Бирок ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан куралдуу террорчу жок кылынды.

Окуя болгон жерде ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери бар.

Учурда тергөө ыкчам тобу иштеп жатат.

Аталган операция боюнча кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2023-05-17 09:46:00
Кылмыштуу топторду атып жок кылыш керек баарысын түрмөдөгү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан