Кылмыштуу топтун мүчөсү, Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн Казак жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Маалыматта 1990-жылы туулган С.А. аттуу Казакстандын жараны УКМК тарабынан издөөдө жүргөнү айтылат.
Ошондой эле ал Казакстандын Алматы облусунун аймагында тоноочулук фактысын жасагандыгы үчүн Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында С.А. 2022-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү аныкталды.
Азыркы учурда ал Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилди.