
Бүгүн, 17-май күнү Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
"Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлөт.
Жарандарды жеке коопсуздук жана материалдык чыгымдарга алып келүүчү кырсыктын алдын алуу үчүн эрежелерди сактоо менен этият болууга чакырабыз", - деп билдиришти министрликтен.