Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Эртең, 18-майда Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалыматында айтылат.

Белгиленгендей, Анкара көчөсүндөгү суу өткөргүчтү оңдоо иштерине байланыштуу эртең, 18-майда саат 9:00дөн 19:00гө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов - темир жол линиясы чектешкен аймакта, ошондой эле Кара-Жыгач конушунда суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, ошондой эле мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан