Бишкектеги таштанды полигонунун бир бөлүгүндө пайда болгон өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта волонтёрлор да процесске кошулуп, чоң колдоо көрсөткөнү белгиленет.
"Өрттү өчүрүү жаңы технологияларды, атап айтканда, технотация ыкмасын колдонуунун аркасында мүмкүн болду", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, учурда полигондун аймагын иретке келтирүү улантылууда, ошондой эле полигондун бардык периметрине тосмо курулууда.
Белгилей кетсек, иш президент Садыр Жапаров менен борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.