Чүй облусунун Дмитриевка айылындагы ок атышуудан жок кылынган террорчу үйдү мындан бир нече күн мурун ижарага алган. Бул тууралуу журналисттерге жергиликтүү тургундар билдиришти.
Жок кылынган террорчу мындан үч күн мурда үйдү ижарага алып, көп убакытка жашай турганын үй ээсине айткан. Ок атышуудан улам үйдөн өрт чыккан. Үй ээси анын террорчу экенин билбегендигин айтты.
"Бул менин эжемдин үйү. Ал Орусияда жашайт. Үй ар дайым ижарачыларга берилип келген. Бул адам 3, 4 күн мурун көчүп келген. Биз билген эмеспиз, анын маңдайында "террорчу" деген жазуусу жок да. Ал акчасын төлөп, жашап баштаган. Милиция кызматкерлери аны кармоого келгенде аялы менен баласын алып чыгышты. Ал эми аны кармоо үчүн алар үйгө 5, 6 граната ыргытышыптыр. Өзүңөр көргөндөй үйүбүз өрттөнүп кетти", - деди үй ээси.
Бүгүн, 17-май күнү эртең менен Дмитриевка айылында атышуу болуп, айыл курчоого алынган. Кийинчерээк ИИМ атайын операция болгонун, анда куралдуу каршылык көрсөткөн террорчу жок кылынгандыгын билдирген.