Кулира Кубатова Акыйкатчы кызматына талапкер болуудан баш тартты

Кулира Кубатова Акыйкатчы кызматына талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Талкуунун алдында Кубатова шайлоодон өз талапкерлигин алып салганын билдирди. Анын айтымында, Жамиля Жаманбаева менен чогуу иштешмекчи.

"Жамиля Акматбековнанын жарандардын укугун коргоо боюнча тажрыйбасы чоң. Анын билими, тажрыйбасы чоң. Мен социалдык тармактарда иштеп калдым. Ошондуктан эки айым биригип, бир командада кийин иштегендей болсун. Мен талапкерлигимди алайын деп чечтим, себеби бир жумушту жасашыбыз керек да", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кулира Кубатованын талапкерлеигин "Ыйман-Нуру" фракциясы сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан