Жогорку Кеңеш Жамиля Жаманбаеваны Акыйкатчы кылып шайлады

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеш Акыйкатчы кызмат ордуна Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин жактырды.

Анын талапкерлигин 48 депутат колдоду. Ал эми экинчи талапкер Бакыт Рысбековго 20 эл өкүлү макул, 1 депутат каршы добуш берди.

Акыйкатчы кызмат ордуна үч талапкер сунушталган.

  • Жамиля Жаманбаева ("Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним" фракциялары жана "Мекенчил" тобу сунуштаган)
  • - Кулира Кубатова ("Ыйман нуру" фракциясы сунуштаган)
  • - Бакыт Рысбеков ("Бүтүн Кыргызстан" фракциясы менен бир мандаттуу округдан шайланган Сеид Атамбаев көрсөткөн)

Белгилей кетсек, 3-майда парламент акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошоткон.

Жогорку Кеңеш 17.05.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан