Ырчы Айпери Кубик кызы жолдошу менен ажырашты

Ырчы Айпери Кубик кызы жолдошу менен ажырашканын айтты. Бул тууралуу ырчы айым Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

"Жолдошум экөөбүз көптөгөн сыноолордон улам 5 жыл ичинде чогуу жашап, бирде узакка ажырап, кайра жарашып аягы эки жолго түшүү менен аяктады. Ажырашканыбызга бир топ убакыт болуп калды. Балдарым менен жалгыз бой энелердин катарындамын.

Убагында мага жеңил болгон жок. Азыр баары сонун, шүгүр. Бул да болсо мага берилген сыноо", - дейт ал.

Белгилей кетсек, ырчы Айпери Кубик кызы 2018-жылы Шухрат аттуу мырзага турмушка чыгып, 2019-жылы уулдуу, 2021-жылы кыздуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан