Кандайча? Сирияда үч айдан кийин урандылардын астынан тирүү адам табылды

Сириядагы жер титирөөдөн дээрлик үч ай өткөндөн кийин аябай арыктап кеткен тирүү адамды куткаруучулар урандылардын астынан алып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, тирүү табылган адамдын сакал-муруту өсүп, аябай арыктап кеткен. Анын кантип тирүү калганы белгисиз. Ал сүйлөй албай калган жана корккон абалда болгон. Ал куткарылгандан кийин дароо ооруканага өткөрүлүп берилген.

Ал табылган ураган үй февраль айынын башында Түркиянын түштүк-чыгышындагы Сирия чек арасына жакын Кахраманмараш провинциясында күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен жер титирөөдө урап түшкөн.

Март айына карата Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 5 миң 800 кишиден ашты. Ошондой эле бир жарым миңден ашуун адам урандылардын астынан куткарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munduz2016
2023-05-17 19:09:00
Жараткандын керемети.... Ажалы жетпеген .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан