Ысык-Көл облусунун мамлекеттик нотариустарына кылмыш иши козголду

Ысык-Көл облусунун мамлекеттик нотариустарына мыйзамдарды одоно түрдө бузгандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК тарабынан мыйзамдарын одоно бузуу менен нотариалдык келишимдерди каттаган, анын ичинде ишенимге өткөрүп берүү (унаа башкаруу жана тескөө үчүн ишеним кат, кыймылсыз мүлктү сатууга ишеним каттар) мурастоо күбөлүктөрүн берүү, кыймылсыз мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү (сатып алуу-сатуу келишимдери) боюнча келишимдердин күбөлүктөрү туралуу Ысык-Көл облусунун мамлекеттик нотариустарына карата кылмыш иши козголду.

"2023-жылдын 27-апрелинен 5-майына чейинки мезгилде Каракол шаарынын, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун мамлекеттик нотариустарында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жана санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө жасалма ишеним каттар, каттоо журналдар жана кылмыш ишине тиешелүү башка нерселер табылып алынды", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан