Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева прокурорлор кызмат учурунда каза тапса төлөнүүчү кенемте боюнча мыйзамды кайра карап чыгууну сунуштады.
Эл өкүлү 15-майда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынына өкмөттөн “Прокурорлорду социалдык жактан коргоо чаралары жөнүндө” тиркеме алып келишкенин айтты.
"Мен дароо эле мыйзамдын баарын карап чыктым. Бул 6-чакырылышта 2021-жылдын 10-сентябрында өзгөртүүлөр киргизилген “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы” жөнүндө Конституциялык мыйзам экен. Негизи “Прокуратура жөнүндө” мыйзам 2009-жылдын 17-июнунда кабыл алыныптыр. Мында эгер прокурор кызмат учурунда каза болуп калса, 20 жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө каражат бир жолку жөлөк пул катары берилет деп турат", - деди Талиева.
Ошондой эле ал 2021-жылы кенемтенин түрлөрү дагы көбөйтүлгөнүн белгиледи.
"Прокурорлордун өмүрү узун болсун, бирок каза болуп калса, бир жолку эле төлөмү 21 миллионду чапчып жатат. Баткенде каза болгон баатырларыбызга канча компенсация берилди, салыштырып болбойт. Ошон үчүн ушул мыйзамды кайрадан карап чыгалы. Эгер мамлекеттин бюджетти көбөйүп кетсе, кайра караса болот. Бирок бүгүнкү күндө жөлөк пулдарды берүүдө кыйынчылык жаралып жаткан учурда, ушул компенсация жана Конституциялык мыйзамды кайрадан карап чыгалы. Бул болбойт, эч кандай акылга сыйбаган көрүнүш. Мен бир да прокурордун дарегине доомат айткым келбейт, мен мыйзам жөнүндө айтып жатам", - деди эл өкүлү.
Эске салсак, 15-майда парламенттеги комитет жыйынында депутаттар каза болгон прокурорлордун үй-бүлөлөрүнө берилчү жөлөк пулдун суммасына таң калышкан. Анда мыйзамга ылайык, прокурор кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон учурда маркумдун үй-бүлөсүнө анын 20 жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнүп берилери жана ал болжол менен 21 миллион сомду түзөрү айтылган.
Башкы прокуратура "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамдын 74-беренесине таянып жатканын айтып жооп берди. Ага ылайык, кызматкер кызмат өтөө мезгилинде жаракат алса, жараатынын же ооруга чалдыгуунун кесепетинен каза тапса, анын үй-бүлөсүнө акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебиндеги 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнөт. Бул укук коргоо органдарына, тактап айтканда, прокуратура, УКМК, ИИМ, Бажы кызматы, Салык кызматы, Жаза аткаруу кызматы өңдүү мамлекеттик органдарга тиешелүү экени белгиленип, мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алганы айтылган. Башкы прокуратура соңку 20 жылда 21 миллион сом төлөнүп берилген бир гана учур болгонун билдирди.