Дмитриевкадагы атышуу: Улуттук госпиталга жеткирилген кызматкердин абалы айтылды

Чүй облусунун Дмитриевка айылындагы ок атышуудан улам Улуттук госпиталга жеткирилген кызматкердин абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

"Жабырлануучу 1991-жылы туулган Э.Т сол санына ок тийип, саат 10:45те санитардык авиация линиясы аркылуу Улуттук госпиталга жеткирилген. Анын сол санындагы сөөгү сынган. Анын сан сөөгүнүн сыныгын Гоффман аппараты менен бекитүү боюнча операция жасалды. Учурда анын абалы туруктуу, тиешелүү дарылоо жүргүзүлөт", - деп билдиришти министрликтен.

Бүгүн, 17-май күнү эртең менен Дмитриевка айылында атышуу болуп, айыл курчоого алынган. Кийинчерээк ИИМ атайын операция болгонун, анда куралдуу каршылык көрсөткөн террорчу жок кылынгандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан