Ошто Мунарбек Сейитбек уулун салтанаттуу тосуп алышты 

Бүгүн, 17-майда Ош эл аралык аэропортунда 57 килограммга чейинки салмак ченинде бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулун салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү.

Ош мэриясынан билдиришкендей, мушкерди тосуп алууга Ош мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар жана мушкердин жакындары келди.

Нурбек Кадыров мушкерди дүйнө чемпиондугунда коло медалын алгандыгы менен куттуктап, ага мындан аркы спорттук мелдештерде жемиштүү ийгиликтерди каалады.

Президент Садыр Жапаров да Мунарбек Сейитбек уулун куттуктап, алдыдагы мелдештерине спорттук ийгиликтерди каалаган.

Белгилей кетсек, 1-майдан 14-майга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында бокс боюнча дүйнө чемпиондугу өткөн. Биринчиликке дүйнөнүн 107 өлкөсүнөн 500дөн ашык спортчу катышкан.

Кыргыз мушкери 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1-майда 1/32 финалдык баскычтан старт алган. Ал Пуэрто-Рико, Таиланд, Мексика, Тажикстандын спортчуларын 4 жолу катары менен жеңип, жарым финалга чыккан.

Мунарбек Сейитбек уулу 12-майда Өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешип, ага жеңилип калды. Бул салмак категориясында кыргызстандык спортчу 3-орунду ээлеп, коло медалга татыды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан