Европанын бир шаарын суу каптады (фото)

Катуу жааган жамгырдан улам Хорватиянын Обровац шаарын суу каптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, дарыядагы суунун деңгээли тарыхый чекке жеткендиктен жергиликтүү калк кайык менен жүрүүгө аргасыз болгон. Шаардагы мектепти, имараттарды, бир нече ишканаларды жана үйлөрдү суу каптаган.

Катуу жааган жаандан Италиянын түндүгү дагы жапа чегүүдө. Ал жакта жаандан улам каза болгондор жана дайынсыз жоголгондор бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан