Бишкекте коомдук унаада телефон уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, 15-майда Т.А. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында ошол эле күнү саат 22:10дор чамасында Киев көчөсү менен коомдук транспортто бара жатканда баасы 15 миң сомдук Redmi NOT 11 үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткен белгисиз жарандарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Биринчи Май РИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддин алкагында кылмышка шектелип 1988-жылы туулган А.Т., 1993-жылы туулган А.Т. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Шектүүлөр кармалган учурда уурдалган телефон табылган.
Учурда тергөө иштери уланууда.