Алай районунда эски жер көчкүсү активдешип, жылып жаткандыгына байланыштуу адамдар коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кооптуу болгон бул аймакта жалпы 7 турак үй бар, анын ичинен 5 үйдүн ээсине ӨКМ тарабынан мамлекеттик жардам көрсөтүлүп, коопсуз жайга көчүрүлгөн. Ал эми экөөнө түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, туугандарыныкына, коопсуз жайга көчүрүлдү.