Коңшу Өзбекстандын Самарканд облусунда эркек киши аялынан өч алуу максатында эки уулун муунтуп өлтүрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя Тайлак районунда болгон. Анда 16-майдан 17-майга караган түнү 39 жаштагы жаран Орусияда иштеп жүргөн жубайынын башка эркектер менен кат алышып жүргөн сүрөттөрүн (скриншот) көргөн.
Мындан улам ал аялынан өч алууну чечип, уктап жаткан 6 жана 8 жаштагы эки уулун муунтуп өлтүргөн. Андан кийин ал укук коргоо кызматкерлерине багынып берген.
Учурда ал камакта.
Бул факты боюнча Өзбекстандын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгү (Атайылап киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.