
Бишкек-Ош унаа жолунда жайгашкан К. Көлбаев атындагы тоннелде 19-майдан тарта унаа кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматта буга тоннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, дубалдарын актап, сырдоо иштери жүргүзүлөрү себеп болгону айтылат.
Мындан улам 19-майдан тарта аталган тоннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилип турат. Ага ылайык, эртең мененки саат 05:00дөн 08:00гө чейин, 10:00дөн 12:00гө чейин, 14:00дөн 16:00гө чейин жол жабык болот.
Аталган аймакта жол коопсуздугун ЖКККББнын инспекторлору көзөмөлдөйт. Мындай чектөөлөр 19-майдан тарта болжолдуу 28-июнга чейин киргизилет.