Режиссёр Айбек Дайырбеков эл аралык фестивалда сыйлык алды

Режиссёр Айбек Дайырбеков эл аралык фестивалда "Мыкты режиссёрдук иш" номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу "Кыргыз киносун өнүктүрүү" фонду билдирет.

Маалыматка ылайык, "Хрустальный нерпёнок" аттуу балдар, үй-бүлөлүк тасмаларынын эл аралык фестивалы 12-майдан 17-майга чейин Бурятиянын борбору Улан-Уде шаарында өткөн. Фестивалдын жыйынтыгында Айбек Дайырбеков "Эрмен жыты" тасмасы үчүн "Мыкты режиссёрдук иш" номинациясы боюнча сыйлык алган.

Белгилей кетсек, "Хрустальный нерпёнок" фестивалына Иран, Кытай, Беларусь, Индия, Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Армения өлкөлөрүнөн жалпы 13 тасма катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан