Футбол: Белгилүү футболчу алтын байге утту. Ал 8 мүнөт гана ойногон

Белгилүү габондук футболчу Пьер-Эмерик Обамеянг "Барселона" клубунда ойноп кеткени үчүн Испания чемпиондугунда алтын байге утту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, "Барселона" футболдук клубу быйылкы сезондо Ла Лиганын чемпиону болду. Габондук футболчу 2022-жылы кышында "Барселонага" өткөн. Бирок каталондук клуб сентябрдын башында аны "Челсиге" 12 миллион еврого саткан. Бул убакыт аралыгында 33 жаштагы чабуулчу Ла Лиганын үч оюнунда тизмеге кошулуп, оюн талаасында 8 мүнөт гана өткөргөн.

Мындан улам ал быйылкы сезондо тизмеге кошулгандыгы үчүн ага алтын байге ыйгарылат.

Белгилей кетсек, Пьер-Эмерик Обамеянг учурда лондондук "Челси" клубунун оюнчусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан