"Ак Шумкарлардын" жаңы дайындалган машыктыруучусу Штефан Таркович теги ганалык болгон футболчу Жоэль Кожону футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын катарына чакырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган башкы машыктыруучу Жоэль Кожону июнь айында Бишкекте өтө турган CAFA турнирине чакырып, улуттук кураманын тизмесине кошкон.
Азырынча ал кеңейтилген курамга чакырылды.
Белгилей кетсек, Жоэль Кожо Оштун "Алай жана Бишкектин "Дордой" футболдук клубдарында ойноп кеткен. Ошондой эле ал кыргыз кызына үйлөнгөн.
Учурда ал Өзбекстандын "Динамо Самарканд" клубунун оюнчусу.