Бишкекте Кыргыз ССРнин эл артисти, биринчи хормейстер Султан Юсуповдун 105 жылдыгына карата Студенттик хор коллективдери арасында II республикалык кароо-сынак фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, иш-чарага жети облус жана 2 шаардан 600 адамдан турган 12 хор коллективи катышат. Кароо-сынактын тандоо туру 23-май күнү саат 11:00дө Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториясында болот.
Ал эми сыйлоо аземи 24-май күнү саат 18:00дө Тарых музейинин алдында болуп, гала-концерт менен коштолот. Фестивалга катышкан бардык хор топтору Бишкек шаарынын конокторуна жана тургундарына концерттик программа тартуулашат. Анда кыргыз жана дүйнөлүк композиторлорунун чыгармаларын аткарышат.
Иш-чара коомчулуктун хор искусствосуна болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле эл чыгармачылыгын, аткаруучу чеберчиликти, улуттук маданиятты өнүктүрүүгө жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга багытталган.
Белгилей кетсек, кароо сынак фестивалынын байге фонду 1 миллион сомду түзөт.