Саякатчылар суудай агылып, бирок кеткенче шашкан дүйнөдөгү үч өлкө 

Саякатчылар үчүн эң кооптуу деп эсептелген өлкөлөр аныкталды. Бул тууралуу "The Swiftest" порталынын маалыматында көрсөтүлөт.

Аталган изилдөөдө кылмыштуулуктун деңгээли, санитардык шарттар жана табигый кырсыктардын коркунучу эске алынып рейтинг түзүлгөн.

Эксперттик топтун изилдөөсү боюнча туристтерди өзүнө магниттей тартып ошол эле учурда алардын коопсуздугун коргой албаган өлкөлөрдүн сап башында Түштүк Африка турат. Аталган чөлкөм адам өлтүрүү кылмыштуулугу боюнча эң жогорку көрсөткүчкө ээ. Муну менен катар жол кырсыгынан каза болгондордун саны боюнча алтынчы орунда турат.

Саякатчыларды санаага салган кийинки өлкө - бул Индия. Мында санитардык шарттар талапка жооп бербейт. Кытайга тете калкы болуп, жакыр мамлекеттердин катарына кошулган Индия эли тазалык менен "таарынышып" кеткендей. Андыктан туристтердин оору жугузуп алуу коркунучу кыйла жогору болуп саналат.

Туристтер үчүн эң кооптуу үчүнчү өлкө Доминикан Республикасы. Бул аймакта жол эрежесин сактабай, ылдамдыкты ашыра айдаган айдоочулар туристтердин жолун бууп коёт. Бул менен бирге мастыктын айынан жасалган кылмыштын түрлөрү да арбын.

Порталдын маалыматына ылайык, коопсуз өлкөлөрдүн сап башында Дания, Сингапур, Нидерланды, Израиль жана Швейцария турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан