Бишкектин эки тургуну "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартты 

Бишкектин эки тургуну "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, диний экстремисттик уюмга катышкандыгы үчүн мурда соттолгон жана пробация көзөмөлүндө турган Бишкек шаарынын тургундары К.Н. жана К.Б. "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартты.

"Шаар тургундары өздөрү тандап алган диний багыттын туура эместигин моюнга алып, жарандарды Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган ар кандай диний-экстремисттик уюмдардын мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан