Биз социалдык тармакта

Бишкекте ден соолук акциясы өтөт (даректери)

Бишкек шаарында ден соолук акциясы өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлайт.

Маалыматка караганда, ден соолук акциясы ооруларды эрте аныктоо, дарылоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында өткөрүлөт.

- 22-майдан 26-майга чейин "Ош базарында";
- 29-майдан 31-майга чейин "Дордой-Дыйкан" соода борборунда;
- 1-июндан 5-июнга чейин "Сары-Өзөн" соода борборунда өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кан менен байланыштуу вирустук гепатит жана ВИЧке каршы күрөшүү боюнча республикалык борбору дагы акысыз акция уюштурат. Каалоочулар ВИЧ, ВГВ, ВГС оорулары боюнча дарыгерлерден кеңеш ала алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан