Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II`ни акыркы сапарга узатуу зыйнатына жалпы 201 миллион доллар кеткенин өлкөнүн каржы министринин экономикалык маселелер боюнча орун басары Жон Глен билдирди.
"Падышалык үй-бүлө мүчөлөрүн колдоого абдан көп адамдар келишти. Өкмөттүн милдети бул иш-чараларды үзгүлтүксүз жана татыктуу өтүшүн камсыз кылуу болгон", - дейт ал.
Маалыматка караганда, эң көп каражатты Ички иштер министрлиги (92 миллион доллар), Санарип, маданият, медиа жана спорт министрлиги (71 миллион доллар) короткон. Каржы миинстрлигинин маалыматында алар Шотландиянын (23 миллион доллар), Уэльстин жана Түндүк Ирландиянын (ар бири 2 жарым миллион доллар) өкмөттөрүнүн чыгымдарын борбордук бюджеттен компенсациялаган.
Белгилей кетсек, ханыша Елизавета II 2022-жылы 8-сентябрда 96 жашында көз жумган. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10 күндүк аза күтүүдөн кийин 19-сентябрда жерге берилген.
Ханыша каза болгондон кийин анын ордуна уулу падыша Карл III такка отурган.