Кемин шаарында мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, райондук милицияга Борду айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал 15-апрель күнү белгисиз адамдар сарайындагы уйу менен жылкысын уурдап кетишкенин билдирип, чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка тиешеси бар адам аныкталган. Ал Чүй районунун 1987-жылы туулган А.Т. аттуу тургуну болгон.
Шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.