Улуттук курамга чакырылган Жоэл Кожо билдирүү жасады

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасына алгачкы ирет чакырылган теги ганалык болгон футболчу Жоэл Кожо билдирүү жасады.

Билдирүүсүндө ал муну көптөн бери күтүп келгенин моюнуна алды.

"Көптөн күткөн көз ирмемдердин бири. Бул үй-бүлөнүн мүчөсү болуу мен үчүн абдан жагымдуу", - деди Жоэл Кожо.

Кечээ, 18-майда Кыргыз футболдук союзу июнь айындагы оюндарга карата улуттук курама команданын кеңейтилген курамын жарыялаган. Курамга Жоэл Кожо дагы кошулган.

Белгилей кетсек, Жоэль Кожо Оштун "Алай жана Бишкектин "Дордой" футболдук клубдарында ойноп кеткен. Ошондой эле ал кыргыз кызына үйлөнгөн.

Учурда ал Өзбекстандын "Динамо Самарканд" клубунун оюнчусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан