Майлуу-Сууда тургун жылкы уурдаганга шектелип кармалды 

Майлуу-Суу шаарында мал уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 78 жаштагы Майлуу-Суу шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында 5-апрелде жайытта жүргөн бир баш жылкысын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектелип Майлуу-Суу шаарынын тургуну 1980-жылы туулган Д.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан