Токмокто өгөй уулун бычактаганга шектүү жаран кармалды

Токмок шаарында өгөй уулун бычактаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-майда 1993-жылы туулган У.А. милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында өз ара чырдаша кеткен учурда эч себепсиз бычак сайып салган өгөй атасына чара көрүү өтүнүчү жазылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 1979-жылы туулган К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан